• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Төө-Ашууда бараткан 3 жүк ташуучу унаа жолдо тыгылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Төө-Ашууда бараткан 3 жүк ташуучу унаа жолдо тыгылып калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 21-февралда саат 14:45тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 136-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) 3 оор жүк ташуучу унаасы жолдун четине чыгып, тыгылып калган.

Жерине ӨКМдин эки куткаруучусу жана министрликтин Чүй облусунан ыкчам топ тартылып, жүк ташуучу унааларды тартып чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий