Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Султан Ибраимовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Пикир
Оставить комментарий