• 85.61
  • 93.38
  • 1.04

Кыргызстанда бир суткада 3 221 адам COVID-19га каршы эмдөө алды. Жалпы - 23 миң 624

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыры бир күндө 3 миң 221 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 23 миң 624 адам эмделсе, анын ичинен 661и вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 4 286 адам вакцина алды;

- Ош шаарында – 2 237;

- Чүй облусунда – 3 041;

- Ош облусунда – 4 864;

- Ысык-Көл облусунда – 1 984;

- Талас облусунда – 1 011;

- Нарын облусунда 974;

- Жалал-Абад облусунда – 3 885;

- Баткен облусунда – 1 342.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий