• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Социалдык тармакта милиционерлердин иштеген рациясы сатылууда

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Социалдык тармактардын биринде милиция кызматкерлеринин иштеген рациясы сатылууда. Мындай жарыяны бүгүн жайгаштырышкан.

“5 каналга: Бишкек МАИ, ИИББ резерви, МАИБ, Чүй МАИ, Чүй ИИББге байлыныштырылган motorola рацияларын сатам. Бардык кызыктыруучу суроолор боюнча жеке кат аркылуу кайрылгыла”, - деп айтылат жарыяда.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай сатуу мыйзамсыз деп эсептелет.

Милиция кызматкерлери аталган фактыны текшеришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий