• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Социалдык стационардык мекемелерде пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.01.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен жаңы жылдык эс алуу күндөрү министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде текшерүү жүргүзүлүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүнүн максаты социалдык мекемелердеги жарандардын жашоо шартын текшерүү жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле социалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү болуп саналат.

Анда тамак-аштын сапатын камсыз кылууга жана азыктардын суткалык нормасына ылайык келүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле кызмат алуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү үчүн бөлмөлөрдө керектүү температуралык режимди сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий