• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Штаб: Бишкектеги 557 үйгө ысык суу киргизилди

Коом 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) калыбына келтирүү иштери уланууда, деп билдирет ыкчам штаб.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы 557 үйгө ысык суу киргизип, ысык сууну менен камсыздоо иштери улантылууда (саат 20:30га карата).

Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 270 МВт.

7 от казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат.

Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20300 т/саат, температурасы 36 градустан 51 градуска чейин.

Пикир

Оставить комментарий