• 87.45
  • 97.93
  • 1.09

Сак болуңуз! Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 03.07.23./Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!
Катуу шамал учурунда:
- Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Пикир

Оставить комментарий