• 87.45
  • 102.99
  • 1.11

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат ичинде жана кечинде катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Пикир

Оставить комментарий