• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

СAFA-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы Тажикстанда алгачкы машыгууларын өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Футзал боюнча кыздар арасында Кыргызстандын курамасы Тажикстанда алгачкы машыгууларын өткөрдү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Улуттук курама футзал боюнча CAFA-2020 чемпионатына алгачкы ирет катышат. Мелдеш 24-29-январда Душанбе шаарында өтүп, анда 19 жашка чейинки кыздар арасындагы командалар беттешет.

Биринчи орун үчүн Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Афганистан жана Кыргызстандын курамалары күч сынашат.

Эртең, 24-январда Кыргызстандын курамасы Афганистандын командасы менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий