• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Рязань облусунда жол кырсыгында сегиз кыргызстандык жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 1.04.18 /Кабар/. Рязань облусунда жол кырсыгында Кыргызстандын сегиз жараны жабыркады. Авария Шац районунун М5 трассасында болгон.

Жабыркагандардын баары ооруканага жеткирилди. Кырсыктын себеби такталууда, деп жазат YA62.ru.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы тууралуу билдирүү 1-апрель, жекшембиде 5:50дө түшкөн.

Honda унаасы жогорку ылдамдыкта келип, электр мамычасын сүзүп алган.

Пикир

Оставить комментарий