Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Россия Федерациясынын Свердлов облусунун губернатору Куйвашев Евгений Владимирович кыргыз-россиялык аймактар аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
РФнын Свердлов облусунун губернатору КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды

Пикир
Оставить комментарий