Бишкек, 26.05.24. /Кабар/. Бишкекте күн мурун башталган футбол боюнча "Мурас" салттуу достук мелдеши президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
Бүгүн, 26-майда "Президенттин командасы" курамы 1/4 финалда "Билим" командасын утуп алды.
Эске сала кетсек, мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн
жетекчилеринен турган Президенттин командасынын курамында ойнойт.
Бишкекте 25-26-майда салтка айланган "Мурас" достук мелдеши өтүүдө, ага ар кыл тармактардан топтолгон 16 команда катышып жатат.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий