• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Президент Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Президент 0


Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Пикир

Оставить комментарий