• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Папан суу сактагычына бир адам чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Ош облусунун Папан айыл аймагындагы Папан суу сактагычына 1988-жылы туулган Д.К., аттуу эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 12 куткаруучу тартылган. Азырынча эч кандай натыйжа жок, издөө иштери улантылууда.

Андан тышкары, Нарын облусунун Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына 1964-жылы туулган А.Т., аттуу эркек киши түшүп кеткен. Издөө иштерине жалпысынан 22 куткаруучу тартылган. Министрликтен кошумчалашкандай, азырынча табыла элек.

Пикир

Оставить комментарий