• 87.45
  • 100.82
  • 1.09

Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС курулат

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, келишим "Чакан ГЭС" ААКсы менен "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖЧК ортосунда түзүлдү.

Макулдашууга "Чакан ГЭС" ААКтын башкы директору Н.Садыков жана "Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому" ЖЧКсынын башкы директору Цзян Лицзи кол коюшту.

Белгиленгендей, инвестициялык долбоордун көлөмү 27 млн долларды түзөт, компания Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алды.

Пикир

Оставить комментарий