• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ошто өрт өчүрүүчүлөр 4 адамдын өмүрүн сактап калды

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Ош облусунда өрт өчүрүүчүлөр 4 адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районуна караштуу Жийделик айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган.

Өрт учурунда турак үйдөн өз убагында 2 аял киши, 2 кыз эвакуацияланган. Абалдары жакшы, жабыркагандар жок.

Тилсиз жоо саат 06:13дө чектөөгө алынып, саат 09:10до толук өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий