Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү комиссиясы тарабынан бүгүн мектептердин ашканалары текшерүүгө алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Анын жүрүшүндө тез даярдалуучу жана ысык тамак-аштардын сапатына, санитардык-гигиеналык абалга, тамак-аш сактоочу кампаларга тыкыр көз салынды.
Комиссиянын курамына Ош шаардык мэриясынын адистери, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, билим берүү башкармалыгынын жана ветеринардык кызматтын адистери кирди.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Ош шаарынын мэриясынын калк саламаттыгын сактоо боюнча Координациялык кеңешмесинде каралат.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий