• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Ошто көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, 15 адам эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 02.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 2-январь күнү Ош шаарындагы Раззаков көчөсүнүн №20 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкенлей, өрттү өчүрүүгө саат 12:15де 1 бөлүм тартылган.

Өрт өчүрүүчү куткаруучулар тарабынан 15 жаран коопсуз жайга чыгарылып, тилсиз жоо саат 12:41де толугу менен өчүрүлдү.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий