• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Аймак 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын нугун буруп, мыйзамсыз курулуп калган "Мөл-Булак" эс алуу жайын бузуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан суу коругуна курулуп калган аталган жай көрктөндүрүү үчүн алгынаны, бирок анын ордуна эс алуу жайы курулуп, тийиштүү архитектуралык уруксат кагаздары жок иштетилип келгени аныкталган.

Эс алуу жайдын ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү билдирүүлөр берилген.

Белгилей кетсек, жайында сел түшкөн чакта бул жердин бетон дубалдарына урунуп, “Ош шаар суу каналынын” түтүктөрүн алып кетүүгө, турак-жайларга кирүүгө коркунуч жараткан.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 24-декабрда аталган объектти жеринде көрүп чыгып, дарыянын нугун калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулушту буздуруу боюнча тапшырмаларды берген.

Пикир

Оставить комментарий