• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Ошто Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жашар бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Ошто Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жашар бала изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында С.И. аттуу 5 жашар бала кечээ күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен.

Ошол эле күнү жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган, натыйжа болгон жок. Издөө бүгүн улантылат.

Пикир

Оставить комментарий