• 87.45
  • 103.23
  • 1.12

Ошко Өзбекстандан 24 тонна дарбызды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Ошко Өзбекстандан 24 тонна дарбызды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет көрүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

“Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетинде Өзбекстандан Кыргызстанга келген 24 тонна дарбызга ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.

Текшерүү учурунда ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган. Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Өзбекстанга кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий