• 87.45
  • 100.82
  • 1.09

Ошко Санкт-Петербургдан 157 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Бүгүн Ошко Санкт-Петербургдан 157 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз аракеттешүү ыкчам штабынын алдындагы комиссиясы тарабынан түзүлгөн.

Министрликтен билдиришкендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий