• 87.45
  • 100.37
  • 1.12

Ош шаарында катуу шамал болуп, көп кабаттуу үйдүн чатырын учурган

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ош шаарында катуу шамал болуп, көп кабаттуу үйдүн чатырын учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июль күнү саат 19:20 чамасында Ош шаарында катуу шамал катталып, Раимбеков көчөсүндө жайгашкан №5 көп кабаттуу турак үйдүн тунуке менен жабылган 216 чарчы метр чатырын учуруп, үйдүн астына түшкөн, жабыркагандар жок.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, үйдүн астына түшкөн чатыр калдыктарын ачык аянтка жылдырып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий