• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Ош шаарында кампадан чыккан ири өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Ош шаарында кампадан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен саат 08:44дөн баштап өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен тилсиз жоо саат 09:26да чектөөгө алынып, 12:20да толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 420 чарчы метрди түздү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий