Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине 413,6 млн сом каржыланган.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, алар:
- Теңдөөчү трансферттер – 388,6 млн сомго каржыланган;
 - КР бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 15,5 млн сом каржыланган;
 - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 13,6 млн сомго каржыланган;
 - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 9,4 млн сомго каржыланган;
 - 2018-2025-жылдарга КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн Ош облусуна 56,4 млн сом бөлүнүп берилген.
 
	
                                                        
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий