Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. 27-апрелден 28-апрелге караган түнү өзгөчө корголуучу статусундагы Орто-Токой суу сактагычында браконьерликтин кезектеги фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан кытайдын синтетикалык торлору менен мыйзамсыз балык уулаган 46 жаштагы Д.У. аттуу Тоң районунун Орто-Токой айылынын тургуну кармалды.
Кармалган жарандан 80 даана “сига-лудога” балыгы, 1 миң метр синтетикалык тор жана моторлуу кайык далил зат катары алынган.
Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.