• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Опера ырчысы Сталбек Алмасбеков менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, опера ырчысы Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 7-апрелде өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, сахна жылдызы менен коштошуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Башталышы саат 11:00.

Белгилей кетсек, Эл артисти Сталбек Алмасбеков 5-апрелде 70 жаш курагында дүйнө салды.

Пикир

Оставить комментарий