Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу Жалал-Абад шаарынын Данелбек Малашев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Малашев көчөсүнүн Курманбек жана Абдрахманов көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүнө асфальт төшөө жумуштары жүрүүдө.
Жалал-Абад мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, башка көчөлөр аркылуу каттам жүргүзүп турууну суранат
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий