• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Ноокатта милиция тарабынан шайлоого карата профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0


Бишкек, 08.01.21. /Кабар/. Ноокат райондук милициясынын кызматкерлери шайлоого карата профилактикалык иштерди жүргүзүүдө, - деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жер-жерлердеги шайлоо участкаларында алдын ала коопсуздук чараларын көзөмөлгө алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Мындан сырткары, СОVІD-19 илдетин алдын алуу максатында санитардык нормалардын сакталуусу зарылдыгы эскертилди. Азыркы учурда Ноокат районунун аймагында жалпы коопсуздук көзөмөлгө алынып, коомдук саясий кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий