Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы мыйзамды бузган жана тыюу салынган буюмдарды, таштандыны күйгүзгөндөрдү аныктоону тынымсыз улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар тургунунан Виноградная, 1/7 дарегинде жайгашкан эмерек жасоочу ишканасында өндүрүш калдыктарын күйгүзүп жаткандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.
Адистер ыкчам түрдө жерине барып, эмеректердин калдыктары күйгүзүлүп жатканын аныкташты.
Ошондой эле, башка эмерек жасоочу ишканасында ушундай эле мыйзам бузуулар табылды.
Жеринде Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Б.Э.Э. жана Т.Ж. жеке жактарга 15 000 сомго айып пул салынды.
Мындан тышкары түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишкана ээлери өндүрүш калдыктарын кайрадан күйгүзбөөгө убада беришти.
"Урматтуу шаар тургундары. Үй-жай, өндүрүш жана медициналык калдыктарды өрттөбөңүздөр, бул экологияга зыян. Мындай фактылар катталса, жеке жактарга 7 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 000 сом айып пул салынат",-деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Пикир
Оставить комментарий