• 87.45
  • 100.82
  • 1.09

Назарбаев Кыргызстан элин жана Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ыйык Орозо айт биздин элдердин ак дилден чыккан иш-аракеттерин көрсөтүү менен, жүрөктөргө ыйман менен боорукердик уялатсын. Бардык мусулмандар урматтап күткөн Орозо айт майрамы ислам жамаатына бакубатчылык, жакшылык жана берекени арбын алып келсин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ал эми Кыргызстан элине биримдик жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий