• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Нарында турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Нарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Жан-Булак айылында турак үйдө өрт чыккан. Жерине саат 02:35те 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт саат 03:20да чектөөгө алынып, 05:20да толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыр тарткандар жок.

Өрттүн жалпы аянты 234 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий