• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

“Наристе 2025” футзал турниринде Мамкурулуштун командасы чемпион аталды

Коом 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. “Наристе 2025” футзал турниринде мамкурулуштун командасы чемпион аталды

Мекемеден билдиришкендей, 3-январдан 10-январна чейин өткөн “Наристе 2025” республикалык футзал турнири аяктады. Мелдешке 124 команда катышып, алар 8 категорияга бөлүндү.

“Мамлекеттик мекемелер” категориясында чемпиондук наамды биринчи жолу өз тарыхында Мамкурулуштун командасы утуп алды. Алар Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) 7:2 эсебинде женишке жетишти. Бул категорияда үчүнчү орунду Саламаттыкты сактоо министрлигинин командасы ээледи.

Белгилей кетсек, “Наристе” турнири 1998-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий