• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Министрлик: Мамкаттоо кызматынын кызматкерлери арасында COVID-19 жуктургандар жок

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20 /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери арасында COVID-19 жуктургандар жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарында Мамкаттоонун 6 кызматкери коронавирустук инфекция жуктуруп алгандыгын билдирген. Бул жерде кеп Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мекемесинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тууралуу болууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий