• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Милиция Ысык-Атада дайынсыз жоголгон Бактыгул Саякбаевге издөө салат

Коом 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1972-жылы туулган Саякбаев Бактыгул Аскеровичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 24-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара түстө, кой көз.

Кийимдери: үстүндө кара-ак түстөгү чаар футболка, көк түстөгү спорттук шым, көк түстөгү жайкы бут кийим.

Өзгөчө белгилери: сол далысында тырыгы бар.

“Бактыгул Саякбаевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 61-69-07, 0(708) 10-21-10”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий