• 87.45
  • 103.16
  • 1.06

Мексикада балык аралаш жаан жаады

Дүйнө 0


Бишкек, 28.09.17. /Кабар/. Мексиканын түндүк-чыгышында булуттан жамгыр менен кошо балык жаады,-деп билдирет Тамаулипас штатынын жарандык коргоо башкармалыгы.

Мындай өзгөчө көрүнүш Тампико шаарында катталган.

“Бир аз жамгыр жаап, аны менен бирге асмандан чоң эмес көлөмдөгү балыктар кошо жааган”,-деп айтылат ведомсвонун фейсбуктагы расмий баракчасында.

Бүгүнкү күндө окумуштуулар бул көрүнүшкө так түшүнүк бере албай жатышат.

Пикир

Оставить комментарий