Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Эртең, 3-мартта, Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Түз эфир саат 09:55де башталат.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий