• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Тийиштүү чечимге КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мораторийдин мөөнөтүн узартуу COV1D-19 вирусунун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий