• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Мамлекеттик экспертиза департаменти толук кандуу санариптештирүүгө өттү

Коом 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти толук түрдө санариптештирүүгө өттү.

Мамкурулуштан билдиришкендей, мамэкспертизадагы жаңы санариптик чечимдердин жардамы менен алыстан жол арытып кыйналбай, жарандардын жүгү кыйла жеңилдеди.

Мындан ары кагаз түрүндө долбоордук сметалык документтерди кабыл алуу токтотулуп, бир гана электрондук форматта жеке кабинети (портал) аркылуу долбоордук сметалык документтерди тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Белгиленгендей, кагаз түрүндө долбоордук сметалык документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 15-январына чейин.

Суроолор боюнча номер: +996 706 226 337; +996 706 260 399. +312 362650; +312 312676 номерлерине кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий