• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Малтепе районундагы Борбордук паркка Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди

Коом 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Стамбулдун Малтепе районундагы муниципалитет райондун борбордук паркына Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” коомдук уюмунун президенти Аскар Айтматовго таянып, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бул парк Стамбулдун Э-5 негизги трассасы менен биригет.

Ошондой эле, бул паркта кыргыз жазуучусуна эстелик орнотуу чечими кабыл алынды. Учурда эстеликтин эскиздик долбоорун даярдоо боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий