Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 24-майда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
 - Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).
 
Белгиленгендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий