• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Өлкөнүн энергетика тармагында 30 жылда аткарылбаган иштер акыркы 4 жылда ишке ашууда – Маматбеков

Коом 0

Бишкек, 22.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылында энергетика тармагында аткарылбаган иштер акыркы 4 жылдын ичинде ишке ашууда. Бул тууралуу энергетика тармагынын ардагери, КМШга эмгек сиңирген энергетик Бекбо Маматбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагында башынан ушундай деңгээлде иш жүрсө, өлкө энергетикалык кризиске кептелмек эмес.

“Азыр өлкөдөгү негизги көйгөйлүү маселе энергетикалык кубаттуулуктун жетишсиздиги. Биздин энергетикалык потенциалыбыз күчтүү бирок, кышкысын 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоп алып жатканыбыз кейиштүү. Президент Садыр Жапаров кызматка келген күндөн тартып өлкөдөгү энергетикалык кризис боюнча ачык айтып, бул кризистен чыгуу аракетин көрүүдө. Акыркы 4 жылдын ичинде мамлекет башчысы, министрликтер канааттандыраарлык деңгээлде иш алып барууда. Мисалы, эң биринчилерден болуп Камбар-Ата-1 ГЭСин, ага удаа шамалдын, күндүн электр станциясын, чакан ГЭСтерди кура беришибиз керек. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн карап, быйыл аба ырайы кургакчыл, жаанчыл болот, суу келет, суу келбейт деп кыйналган маселе Камбар-Ата-1 ГЭСин курмайынча жоюлбайт. Ошондуктан президент кайсы мамлекетке барбасын энергетика тармагына инвесторлорду чакырууда. Быйылтан тартып Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан үч мамлекет кошулуп, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 1,5 млрд долларга жакын каражатты Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жумшаганы жатат. ГЭС куруу оңой иш эмес, көп убакытты жана каражатты талап кылат”, - деди Маматбеков.

Ошондой эле энергетика тармагысыз өлкөдө прогресс, социалдык-экономикалык өнүгүү болбой турганын энергетика тармагынын ардагери кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий