Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 2;
 - Ош шаарында – 1;
 - Ош облусунда – 3;
 - Чүй облусунда – 3;
 - Жалал-Абад облусунда – 1;
 - Ысык-Көл облусунда – 4;
 - Баткен облусунда – 1.
 
Тилсиз жоону өчүрүүгө 17 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий