• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Лейлекте “Достук – биздин күчүбүз” аталышындагы спорттук иш-чара болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Лейлек районунун Андарак айылында Сумбула айыл аймагындагы мектептердин ортосунда “Достук – биздин күчүбүз” аталышындагы спорттук иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Лейлек РИИБнин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө арналды.

Бул иш-чаранын максаты - аймактарда окуган ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакыруу жана окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, өлкөнүн туруктуулугу үчүн укук бузууларга жол бербөө болуп саналат.

“Достук – биздин күчүбүз” аталышындагы иш-чаранын жыйынтыгында жеңген командарларга Лейлек РИИБнин сыйлуу белектери жана дипломдору тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий