• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Кытай Кыргызстанга жаңы үлгүдөгү катализаторлорду сунуштады

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Бахар Хакимова - Кабар/. Бишкекке Кытайдын Циндао университетинде өндүрүлгөн жаңы үлгүдөгү автоунаа катализатору алынып келип, сыноодон өткөрүлдү.

Бүгүн, 16-январда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев баштаган бийлик өкүлдөрү, Циндао университетинин профессору Жу И менен бирге катализаторду унаага орнотуп, иштетип көрүштү.

Бул катализаторлор жаңы технология менен жасалган. Заводдон чыгарылганы 800-1000 доллар турса, Кытай сунуштап жаткан катализатордун баасы 50-70 долларга чейин турат.

Унаанын кыймылдаткычы 1-4 кубка чейинки көлөмдө болсо, катализатордун баасы 4,5 миң сомду түзөт. Ал бензин менен жүргөн бардык жеңил унааларга орнотулат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин айтымында, борбор калаадагы ыштын 40 пайызга жакыны калктуу конуштардагы эл жаккан көмүрдөн чыгат. 30 пайызга жакыны транспорттон чыккан түтүн болуп эсептелет.

“Бүгүн өзүңүздөр көрдүңүздөр, бул катализаторлор жаңы технология менен ойлоп табылган. Баасы өтө кымбат эмес. Кыргызстандагы унаалардын 85 пайызы 15 жыл мурдагы унаалар. Учурда кайсы бир унаада катализатору болсо деле ал түтүндү тазалабай калган. Анын үстүнө, көпчүлүк айдоочулар катализаторун сатып жиберишет. Катализатор жаңы унаага коюлгандан кийин да болгону 150 миң чакырымга чейин тазалайт. Ошондуктан Кытайдын университети менен кызматташып көрөлү деп жатабыз.

Бул технология Кыргызстан үчүн жаңы, ал эми Кытайда кеңири колдонулат. Учурдагы талапка жооп берерин министрликтин алдындагы Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын газоанализатору аныктап берди”, - деди министр.

Кытайдагы Циндао университетинин профессору Жу И бир нече жыл мурда Кытайдагы ышка каршы күрөшүү боюнча конкурска катышып, жаңы технологияны ойлоп тапкан. Учурда бул катализаторлор Кытайда кеңири колдонулуп жатат.

“Биздин негизги максатыбыз, ышка каршы күрөшүү, автоунаадан чыккан зыяндуу түтүндү азайтуу болуп эсептелет. Себеби Кыргызстанда автоунаалардын дээрлик баары эски, катализатору жок”, - деди Циндо университетинин профессору Жу И.

Жаңы катализаторлор калкка сунушталат, талап болсо көбүрөөк көлөмдө алынып келет.

Катализатор — унаадан чыккан азот кычкылы, ис, көмүр кычкыл газы сыяктуу уулуу заттарды тазалап турган чыпка. Аны жасоодо платина, палладий, радий баалуу металлдары пайдаланылат.

Пикир

Оставить комментарий