Бишкек, 27.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, Өзбекстандын коридору аркылуу жылына 15 млн тонна жүк ташылат. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун баштоо аземине карата жолдогон кайрылуусунда айтылат. Анын сөзүн Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев иш-чаранын катышуучуларына жеткирди.
“Жарым жыл мурда бул стратегиялык ири долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Кыска мөөнөттүн ичинде техникалык документинин иштери аяктады. Ал эми бүгүн темир жолдун курулуш ишине старт берип жатабыз. Бул чындыгында тарыхый окуя. Бул жол эл аралык маанидеги транспорттук артерия болуп саналат. Ал кыска аралыкта Борбор Азияны Кытай менен байланыштырып турат. Бул долбоор биздин өлкөлөрдүн алакасын дагы да алдыга жылдырууга салым кошот. Кашгар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Андижан каттамында 20 станция, 42 көпүрө, 25 туннель курулат. Ошондой эле транзиттик-логистикалык инфраструктуралык объекттер, кампалар, терминалдар салынат. Баалоолор боюнча темир жол ишке берилсе, транспорттук потенциал жогорулайт. Мисалы, биздин коридор аркылуу жылына 15 млн тонна жүк ташылат. Жүк ташуулардын аралыгы кыскарып, жеткирүү мөөнөтү азаят”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий