Бишкек, 27.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул чыгыш менен батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу иштеринин башталышына арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачат.
“Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Европа биримдигине жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдап, транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берет”, - деди Садыр Жапаров
Ошондой эле президент өз сөзүндө аталган темир жолдун курулушу менен чыгыш жана батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек Жолунун тарыхый деми калыбына келерин белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий