Бишкек, 27.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу жүк ташуунун агымы эселеп көбөйөт. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Гүлназ Супаева “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча темир жол аркылуу жүк ташуунун агымы жылына 13 млн тоннага жетет. Ал эми 2030-жылдан баштап бул көрсөткүч 18 миллиондон ашат.
“Учурда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу менен жылына орточо эсеп менен 2 млн тонна жүк ташылат. Түндүк – Түштүк альтернативдик жолунун жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун ишке берилиши менен Кыргызстан аркылуу жүк ташуунун өсүшүнө өбөлгө түзүлөт. Темир жолду куруу долбоору ишке ашырылгандан кийин биздин өлкө жүк ташуулардын эл аралык транспорт системасына интеграцияланат. Кыргызстан аркылуу өтүүчү темир жол Түштүк-Чыгыш Азия менен Европа өлкөлөрүн эң кыска аралыкта байланыштырат. Бул долбоор Борбордук Азиянын ар бир өлкөсү үчүн гана эмес, Европа өлкөлөрү үчүн да стратегиялык мааниге ээ”, - деди ал.
Ошондой эле Гүлназ Супаева Кыргызстан өзүн Кытай менен Батыш рынокторунун ортосунда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн потенциалдуу борбор катары көрсөтүп жаткандыктан улам транспорттук инфраструктураны жакшыртууга көңүл бурулууда деп белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий