• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Кыргызстанга Польшадан медициналык кызматкерлер келди

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшадан курамында 8 медициналык кызматкер турган топ келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, польшалык медиктер атамекендик медициналык кызматкерлерге Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.

"Эки өлкөнүн адистери аталган багытта топтолгон маалыматы менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий