• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Кыргызстанга Фуджейра эмиратынын ханзаадасы келди

Саясат 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Фуджейра эмиратынын ханзаадасы (Бириккен Араб Эмираты) Улуу урматтуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки келди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шаркини Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.

Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки Кыргыз Республикасына жумушчу сапар менен келди.

Сапар алкагында ханзаада Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки ошондой эле бүгүн Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

Пикир

Оставить комментарий